«Ай Кью» окуу комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берилди

Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Билим берүүнүн жана окутуунун усулдарын баалоо борбору аталган мектепти бүтүргөн 84 баланын 35и гана жалпы республикалык тестирлөөдө босого баллдан (110) жогору балл ала алышканын билдирди.

Эскерте кетсек, Токмок шаарындагы “Ай Кью” мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берилбей жаткан. Билим берүү министрлиги аны  аталган мектеп мыйзамсыз иш алып барганы менен түшүндүргөн. 

Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери президент Садыр Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, аттестат маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.