Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди

Социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жеткирилген.

«Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаран Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКККнын тарабынан Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматына жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоочу активистке жактоочу керектигин жеке баракчасына жазды.

Төлөн уулу Бектемир искусство тармагында комузчу катары таанымал.

image 10 11 Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди
image 10 12 Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди