
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 15:44тө катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
«Жер титирөө Ноокен районунун Момбеков, Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарчасы жана Масы айылында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген», — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.