
Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча клубдар арасындагы эл аралык кубокту Кыргызстандын «Ынтымак» командасы жеңип алды.
Мелдештин финалында Кыргызстандын «Ынтымак» менен Казакстандын «Астана» командасы ойноп, «Ынтымак» атаандаштарын 10:1 эсебинде утту.
Бул эл аралык мелдеште үчүнчү орунду Кыргызстандын «Достук» кома ээледи.
Кошумчалай кетсек, 13-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталган. Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты.