Бишкектеги 3-кичирайондогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Бишкектеги 3-кичирайондогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-августта Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча, 3-кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн 2 кабатынан жарылуу болуп, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган.

Алардын аракети менен өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн 1 адам каза болгон, ал эми жабыркагандар такталууда.

photo 5411606983225757061 y Бишкектеги 3-кичирайондогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды