Бишкектеги 3-кичирайондогу көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-августта Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча, 3-кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн 2 кабатынан жарылуу болуп, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан улам өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган.
Алардын аракети менен өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн 1 адам каза болгон, ал эми жабыркагандар такталууда.
