
Бүгүн, 16-августта Чолпон-Ата шаарынд кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны башталат. Ага Өзбекстандан премьер-министр Абдулла Арипов баштаган делегация катышат.
Өзбек өкмөт башчысы Кыргызстанга 15-августта келген жана аны президент Садыр Жапаров кабыл алган.
Президенттин басма сөз кызматы анда тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү тууралуу пикир алышуу болгонун кабарлаган.