
2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 1704 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардан:
— Ош облусу – 609
— Бишкек — 361
— Ош шаары — 277
— Чүй облусу – 165
— Жалал-Абад облусу – 94
— Баткен облусу – 89
— Талас облусу – 74
— Ысык-Көл облусу – 59
— Нарын облусу – 6
КМШ өлкөлөрүндө кызамык менен ооругандардын өсүшү төмөнкү өлкөлөрдө белгиленген: Тажикстанда – 528 учур, Россияда – 5000 учур, Казакстанда – 3000 учур, Өзбекстанда – 89, Түркияда – 2147 учур.