
Коомдук транспортто уурулук кылып жаткан жеринен кармалып, андан кийин каршылык көрсөткөн чөнтөкчүлөр каракчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
12-августта интернетте коомдук транспорттун салонунда белгисиз буюм менен куралданган бейтааныш адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган. Мындан тышкары, 10-августта жаран бейтааныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган. Арызында көрсөтүлгөн күнү саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортто бара жатып, капчыгын уурдоого аракет кылганын, капчыкты ала албай калган соң, баласына жаракат келтиргенин билдирген.
10-августта жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, арызында 8-августта маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун уурдатып жибергенин байкап, кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүп, белгисиз буюм менен согуп-урууга аракет кылышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган фактылар боюнча райондук бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүп, аларды кармап, тергөө кызматына жеткиришкен.
Алар 1994-жылы туулган К.Ж, 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И, 2001-жылы туулган Ж.К., жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар экени аныкталган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми шектүү 2006-жылы туулган жаранды камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына тандалган.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6 даана ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылган.



