Кыргызстандык мушкер Зафарбек Камилов Витебск (Беларусь) шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында күмүш медаль тагынды.
Мамлекеттик спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандык 48 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Чейрек финалда азербайжандык мушкерден, жарым финалда беларусиялык мушкерден күчтүү болду. Финалда Камилов Тажикстандын өкүлүнө утулуп калды.