
15 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Астанада кармалды. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 37 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды.
Ал 2008-жылдын октябрь айында ишенимге кирип алып, уюлдук телефондорду ээлеп алган деп айыпталган.
2010-жылы Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.
Кармалган адам Астана шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.