
Бүгүн, 7-августта саат 17:00гө чейин электр энергиясы жок болгондугуна байланыштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Кант шаарындагы Ысык-Ата бөлүмү убактылуу иштебейт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, электр жарыгы Ысык-Ата райондук электр тармактары тарабынан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
«Кант шаарында электр жарыгы жок болгондугуна байланыштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата бөлүмү ишин токтотту. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башка жакын жайгашкан аймактык бөлүмдөрүнө кайрылыңыз», — деп айтылат маалыматта.