Улуттук гвардиянын өздүк курамы муктаждарга кан тапшырды

2023-жылдын 4-августунда 10126 аскер бөлүгүнүн медициналык пунктунда Кыргыз Республикасынын “Донордук кан жана анын компоненттери жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын өздүк курамы ырайымдуулук жана муктаж болгондордун өмүрүн сактоого умтулуусу акты катары кан тапшырышты.

Бул тууралуу КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

“Иш-чарага 70 ашуун аскер кызматчылары – офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана жоокерлер катышты. Иш-чаранын соңунда Улуттук гвардиянын жана Республикалык кан борборунун дарыгерлери аскер кызматчыларга адам өмүрүн сактап калуудагы ак ниеттүүлүк, камкордук жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти”, – деп айтылат маалыматта.

3c0e4a0c 5bb4 443f ad70 d793e38ce9f0 Улуттук гвардиянын өздүк курамы муктаждарга кан тапшырды
220d1048 724f 4996 857b 84e48f9993e9 Улуттук гвардиянын өздүк курамы муктаждарга кан тапшырды