Тоолуу райондордо сел жүрөт

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам тоолуу райондордо сел жүрөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-8-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондордо жана тоо этектериндеги айылдарда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ селдин алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды таза кармоо керектигин эскертти.