
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-августта саат 9:28де Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Талас районунун Огомбаев, Козучак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.