Кытайда тогуз жаштагы кыз буту эскалаторго кыпчылып калган баланы куткарып калды

Кытайдын Ухань шаарында тогуз жаштагы кыз буту эскалаторго кыпчылып калган баланы куткарып калды. Бул тууралуу Metro басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя соода борборлорунун биринде болгон. Көзөмөл камерасынан кичинекей баланын буту эскалатордун тешигине түшүп кеткенин байкаган кыз тепкичтен чуркап түшүп, авариялык токтотуу баскычын басып калганын көрүүгө болот. Ошондон кийин ал жардамга чакырган.

Баланын апасы эскалатордо баланын оң буту илинип калгандыктан тез эле астына тартылып кеткенин айтат. Баланын бутун аман-эсен алып чыгуу үчүн оңдоочулар жана авариялык кызматкерлер эскалатордун капталын демонтаждашкан. 10 мүнөттөн кийин баланын буту чыгарылып, үй-бүлөсү жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Бала олуттуу жаракат алган эмес.