Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери аяктады

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деп жазды Текебаев.

Кошумчалай кетсек, туннелге асфалть төшөө иштери 26- июлда башталган. Министрлик 10-августка чейин асфальт төшөө иши болоорун, ал аралыкта 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизиле турганын маалымдаган.