Маршруткада ыйлап, жардам сураган айымга коргоо ордери берилди

Социалдык тармактарда маршруткада жардам сурап, ыйлап жатканы тартылган келиндин видеосу тараган. Анын колунда кичинекей баласы болгон. Аял ыйлап, жардам сурап жатканына карабай, күйөөсү аны түшүрбөй, унаасын айдап кетип калганын көрүүгө болот.

Окуя 24-июлда Бишкектеги Asia Mall соода борборунда болгон.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

«Унаадагы жаран 37 жаштагы А.К. экени аныкталып, милицияга чакырылган. Анын К.Н. аттуу жубайы күйөөсүнө дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартты. Келинге коргоо ордери берилген»,-деп билдиришти милициядан.