Чолпон-Ата шаарында теплоходко урунуп жабыркаган үч кишинин экөө каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү Ысык-Көл РИИБне, Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн 3 адам денесинен оор жаракаттарды алып ооруканага түшүп бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп, экөөсү жанадандыруу бөлүмүндө оор абалда жайгаштыргылганы боюнча билдирүү келип түшкөн.
«Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган», -деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Учурда тийштүү соттук медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.