Чүйдөгү унааларга байланышкан алдамчылыкка шектелип кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын июнь айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бир катар кылмыштарды жасаган шектүү жаран кармалды. Кармалган жаран Чүй облусунун 1983-жылы туулган тургуну Д.А. мурда көп жолу соттолгон.
2023-жылдын февраль айында Чүй облусунун тургуну Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз бир жаран “Лексус” же “Тойота Лэнд Крузер” үлгүсүндөгү жол тандабас унааларын сырттан айдап келип берем деген шылтоо менен жабырлануучунун ишенимине кирип, 17 миң АКШ доллардан жана 100 миң сомдон ашык акчаларын ээлеп алган. Аныкталгандай, алдамчылык менен алектенген жаран ар дайым акчаны алуу үчүн жаңы жолдорду ойлоп таап, жабырлануучунун ишенимине ээ болуп, алдамчылык жол менен бир жыл бою акча каражатын алып турган.


“Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында жогоруда аталган жаран Д.А. унаа сатып алууга жардам берем деп, Чүй облусунун тургунунан 12 миң АКШ долларын алдап алганы аныкталган. Шектүүнүн убадасына ишенген аял бардык акчасын берген. Бул факты боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын май айынын аягында жаран Д.А. издөөгө алынган. Ошондой эле, анын алдамчылык иштеринен жабыр тарткан башка жарандар да бар. Буга чейинки кылмыш иши башка сотто каралууда”, – деп айтылат маалыматта.


Жогорудагы шектүү жаран унааларды алмаштыруу, сатып алуу, сатуу боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштап, жарандардын ишенимине кирип келген. Ал ар дайым “кийинки кардар” менен достук мамиле түзүүгө аракет кылган, андан кийин акчаларын ээлеп алган. Адегенде ар кандай шылтоолорду ойлоп таап, кийин такыр изин жашырып кетип жүргөн.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жерин аныктап, Бишкек шаарынын аймагынан ижарага алган батиринде жашынып жүргөн жеринен кармашкан.
Кармалган жаран Д.А. мурда бир нече жолу соттолгон, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Учурда Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктады. Иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.