Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылдардагы кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө боюнча иштерди уюштуруу, тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качкан адамдарды издөөнү ишке ашыруу, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды издөө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишинин маанилүү бөлүгүнүн бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн жана издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо иштерин улантууда.


Буга чейин сегиз жылдан ашык убакыттан бери кылмыш жасап, издөөдө жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.
“Ыкчам-издөө иш-чаралары 2023-жылдын 20-июлунда Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 21-бөлүмүнүн кызматкерлери жана Улуттук гвардиянын жоокерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнүн түздөн-түз катышуусунда жүргүзүлгөн.
Москва шаарынын аймагынан мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык элементтердин арасында кадыр-барктуу Баткен облусунун тургуну 1983-жылы туулган Б.С. аныкталып, кармалган. Ага карата 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам уурдоо), 125-беренесинин 2-бөлүгүндө (мыйзамсыз эркинен ажыратуу), 170-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган (Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясына ылайык).
Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында жаран Б.С. издөөдө жүргөн. 2015-жылдын июнь айында ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Аталган жаран 8 жылдан бери Москва шаарынын аймагында тууганынын паспортун пайдаланып жашырынып жүргөнү аныкталган.
Ал 2009-жылдын жай айларында Ош облусунун Араван районунун аймагында анын шериктери – криминалдык элементтер менен бирге курал колдонуп, отуз үч жаштагы жаранды күч менен унаага салып, алып кетишкен. Жабырлануучуну тоолуу аймакта, андан кийин Бишкек шаарында мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук менен коркутуп, ири өлчөмдөгү 100 миң АКШ долларын талап кылып алышкан”, – деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу бир нече жылдан кийин ички иштер органдарына кайрылган. Кылмыштын башка шериктери мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан.
Ал эми издөөдө жүргөн жаран Б.С. кармалып, камакка алынган. Учурда экстрадициялоо маселеси 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.

61ce4f75 2f03 48a7 9c52 1129d322614f Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн
3f4dc204 d5a2 41b5 829c ead2212976d7 Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн
51cbf2c7 692a 4abe be5a 502083cd1ef4 Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн