
Абдрахманов көчөсүндөгү кондиционери бар жаңы аялдама ачылгандан бир күндөн кийин жабылып калган. Мунун себебин Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, аялдамага камера орнотулушу керек. «Түндө таштандыга толуп калган. Ошондуктан эртеси камераны орноткончо жаптым», – деди ал.
Эске салсак, жаңы аялдама павильону банктардын биринин колдоосу менен орнотулган. Ал ысык мезгилде кондиционер, кышында жылытуу системасы менен жабдылганын мэрия билдирген.
