Шотландияда 55 кит өлдү

Шотландияда ондогон ири деңиз жаныбарлар жээктен табылган. Аларды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Бул тууралуу Еuronews жазды. Улуу Британиядагы Льюис аралындагы жандыктардын өлүмүн биологдор изилдеп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алгач үйүрдүн бир мүчөсү жээкке чыгып калган, анын артынан ондогон киттер ээрчип жөнөшкөн. Киттердин бул түрү күчтүү социалдык байланыштары бар.

Куткаруучулардын аракетине карабай, 55 кит өлгөн. Айрымдары эвтанизацияланган (атайын дарынын жардамы менен өлтүрүү).

Акыркы жетимиш жыл аралыгында мындай массалык учур катталган эмес.

Шотландияда 55 кит өлдү
webp large 2 Шотландияда 55 кит өлдү
webp large 3 1 Шотландияда 55 кит өлдү