ВИДЕО: Чүйдүн ооруканасында жетекчи кол алдындагы кызматкер менен урушту

Чүй облусунун Панфилов райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда тартылды делген видео социалдык тармакка тарап, талкууга кабылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Анда оорукананы жууп-тазалаган кенже кызматкерлер айлык маяналарын кыскартып берип жатышкандыгын айтып, жетекчиден себебин сурашкан.

Натыйжада ал кайым айтышууга чейин барып, урушканы видеого тартылып калган.
Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координаторлугунан төмөнкүдөй түшүндүрмө келди.


«Панфилов райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун Вознесеновка айылындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кенже кызматкери (санитары) Н.М.Б. 2023-жылдын 1-июнунан эмгек өргүүгө кеткенине байланыштуу жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун буйругу кенен К.К. аттуу аял убактылуу кенже кызматкер болуп, ишке кирген. Ага 1 айлык акысы төлөнүп берилген.
К.К. бир ай эле иштеп кетиши керек болчу. Ал андан ары жумушту улаганга укукугу жок. Анткени эмгек өргүүгө кеткен М.Н.Б. жумушка келди жана андан башка бош штат бирдиги жок. Жумушка алыш үчүн арыз керек. Эгер администрация анын арызын алса, ЖДПБнын директору кол коюп, буйрук чыгарыш керек. Ансыз иштей албайт.
Интернетте жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Ага далил тиркемедеги документтер бар. К.К. убактылуу ишке алынгандыгы жана М.Н.Б.нын эмгек өргүүгө чыккандагы буйругу, К.К.нын убактылуу иштеген бир айда алган айлыгынын тарификациясы жана жумуш убактысын пайдалануу табелинин көчүрмөсү бар», – деп айтылат маалыматта.