Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды

ИИМден билдиришкендей, алар өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкерлери катары тааныштырышкан.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 22-июнь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ушул эле күнү кечинде Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп, белгисиз адамдар арыздануучунун 46 жаштагы тууганын “BMW X-5” үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирип, аларга карата чараларды көрүп берүүнү суранган.

1f24b322 79b4 4498 8380 0dca46f89aa6 Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды


Топтолгон документтердин негизинде 23-июнь күнү Сокулук РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси «Адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн билдиришкен.


Маалыматка караганда, белгисиз бирөөлөр көчөдө келе жаткан арыздануучунун тууганына өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери катары тааныштырышып, алдоо жолу менен унаага салып кетишкен.
Туугандары бир нерседен шектенип, милицияга кайрылышкан. Адам уурдоого катышкан адамдардын жашаган жерин аныктоо максатында бир катар комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери да тартылган.
Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Маалым болгондой, бул чет элдик унаа бир жума мурда башка адамдарга сатылып кеткен.
Бир катар РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүлөр изин жашырып кеткен унааны издеп жатышкан, бирок, болжол менен алар Ош тарапка кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерин тез арада Ош облусуна жөнөтүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн унаанын изине түшүүгө үлгүрүшкөн.


Милиция кызматкерлерине шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо үчүн бир күнгө жакын убакыт кетип, алар Ноокат районунун аймагынан табылган. “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү унааны издөө багыттамасы ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүнө берилген. Жергиликтүү милиция кызматкерлери конуштардын биринен шектүү унааны байкашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон. Шектүүлөр жана уурдалган жаран турган үйгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери киришкен. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган.
Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.уулу К. жана 2000-жылы туулган Б.уулу Ш. өздүгү такталып, кармалган. Бардыгы Ноокат районунда туулуп өскөн Бишкек шаарынын тургундары болушат.
Кылмыштын бетин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын, Ноокат райондук ИИБдин, Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук райондук ИИБдин кызматкерлеринин биргелешкен аракеттери менен ачылган.
Учурда соттун чечими менен кармалгандардын бардыгы эки айлык мөөнөткө камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

3183dd1c 652d 428d 88f1 af938b62ad43 Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды
0d87d791 809f 40c8 8994 0519d4f94182 Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды
f25c37eb 808a 4ebb 8c06 b83269ce7137 Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды