Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына таянсак, 6-7-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырып, арыктарды жана дренаж каналдарды тазалоо керектигин эске салат.