
Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамын 14-июлда ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.
Маалыматка караганда, каттамдар Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы аркылуу жумасына 1 жолу — жума күндөрү аткарылат.
Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылса болот.