Ысык-Көлгө 20 жаштагы бала чөгүп кетти

Ысык-Көлгө 20 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Каргашалуу окуя 2-июль күнү болгон. Тоң районунун 2003-жылы туулган тургуну У.А., Кекилик-1 пляжында эс алып жатып, сууга чөгүп кеткен.

Маалымат нөөмөт бөлүмүнө түшкөн соң окуя болгон жерге 9 куткаруучу жана 15 жергиликтүү тургун жөнөтүлгөн. Куткаруучулар жансыз денени таап, туугандарына өткөрүп беришкен.