“Карышкыр” аттуу кримавторитет Мурсалым Умырзаковго карата сот өкүм чыгарды

20-июнда Аламүдүн райондук соту соттолуучулардын бири “Карышкыр” каймана аты менен таанымал кримавторитет Мурсалым Умырзаковго карата буйрутма киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды.

4-июлда Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Умырзаков Мурсалым Узакович Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 165-беренеси («Адам уурдоо»), 208-беренеси («Опузалап талап кылуу»), 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча күнөөлүү деп табылды. КР кодексине ылайык, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө чечими чыкты.

-K.В.M. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 165-беренеси («Адам уурдоо»), 208-беренеси («Опузалап талап кылуу»), 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен күнөөлүү деп табылган. Мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратууга жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт;

– С.у.С. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу»), 165-беренеси («Адам уурдоо»), 208-беренеси («Опузалап талап кылуу»), 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен күнөөлүү деп табылган. Мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратууга жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт;

– А.Г.Ж. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо»), 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт;

– А.М.Т. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо»), 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөөгө;

– А.А.С. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо»), 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен үч жарым жылга көзөмөлгө алынган.

Маалымат үчүн

Дастан [аты өзгөртүлдү, 1993-жылы туулган К.Д.] түрмөдө жазасын өтөп жатып, Гуля [аты өзгөртүлдү, 1971-жылы туулган А.Г.] менен таанышкан. Жашынын айырмачылыгына карабастан, алардын ортосунда мамиле башталган – сүйүшкөндөр активдүү кат жазышып, телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Бул Дастандын биринчи соттолушу эмес, бирок бул аялды токтоткон жок. Жигит бошотулгандан кийин Гуля менен жашай баштаган.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин жубайлардын ортосунда чыр чыккан. Таарынган аял уулу Мирбекке (аты өзгөртүлдү, 2001-жылы туулган К.М.) жардам сурап кайрылган. Ал баласына Дастан акча карыз экенин айткан.

Үй-бүлө мурунку жарандык күйөөсү дайым жанына бычак алып жүргөнүн билишкен. Андан сырткары, Дастандын мурун кылмышкер болгонун билип, андан корккондуктан Гуля менен Мирбек уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери “Карышкырга” барышат. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Гуля Дастанды өлтүрүүгө буйрук берген.

2022-жылдын 24-апрелинде кечке жуук Дастан Бишкектин көчөлөрүндө жүргөн. Түнкү саат он бир жарымдар чамасында Мирбектин досу башкарып бара жаткан Киа үлгүсүндөгү унаа [А.А. – айдоочу]. Унаанын ичинде башка адамдар болгон — алар Дастанды унаага салып, ал жерде тергөөнүн версиясы боюнча сабап, сөөгүн Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көрүстөнгө ыргытышкан. Бала алган жараатынан улам каза болгон.

Анын сөөгүн 25-апрель күнү эртең менен жергиликтүү тургундар таап, дароо милицияга кабарлашкан.

Май айында Чүй облусунун ИИБнын жана Аламүдүн РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалган. Алардын арасында Карышкыр да болгон. Милиция бул иш боюнча башка айыпталуучуларды издөөнү улантып, 30-майда дагы эки шектүүнү кармаган. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.