ИИМ: Тамеки чегүүнүн терс таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышын толук кандуу көзөмөлдөөдө.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта, ИИМ тарабынан «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында бир топ иштерди аткарып жаткандыгы айтылат.

Алсак, 2022-жылдын август айында Ички иштер министрлиги тарабынан 7 пункттан турган иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы тарабынан тамеки тартуунун зыяндуулугу жана кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 3700 түрдүү брошюралар, буклеттер жана стикерлер даярдалып, милиция кызматкерлерине таратылып берилди. Милиция кызматкерлерине тамеки тартуунун адамдын организмине тийгизген терс таасири боюнча тынымсыз лекциялар жана сергек жашоо образы боюнча актуалдуу темаларда маектешүүлөр өткөрүлүп жатат. Медициналык башкармалык тарабынан жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-чаралары ИИМдин расмий сайтында тамеки тартуунун зыяндуулугу, тамеки тартуунун адамдын ден соолугуна тийгизген кыйратуучу кесепеттери тууралуу маалыматтар менен жарыяланган.


“Ден соолукка зыян келтирген, кыйратуучу кесепеттер менен коштолгон жаман жүрүм-турумдарды эскертүү максатында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери калкка тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жана тамеки түтүнүнүн зыяндуу кесепеттери, жашы жете электердин тамеки продукцияларын сатып алуусуна тыюу салуу, билим берүү мекемелеринин жанында тамеки продукцияларын сатууну чектөө тууралуу иш-чараларды да жүргүзүп келүүдө.
Ушул жылдын башынан бери ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери аныкташкан жашы жете электерге тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча 28 протокол түзүлүп, 42 000 сом өлчөмүндө айып салынды (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 85-беренеси боюнча).
Ошону менен бирге, ички иштер органдары маданий мекемелерде жана коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талаптардын сакталышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиребиз. Мыйзам тамеки продукцияларын, анын ичинде электрондук тамекилерди, кальяндарды жана аралашмаларды коомдук жайларда колдонууга тыюу салат. 2023-жылдын башынан бери ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 11 миң 118 протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине ылайык, 11 миллион 118 миң сомдон ашык суммада айып салынган
“, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

922929e5 75e2 45fc 8873 39f20c81259d ИИМ: Тамеки чегүүнүн терс таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат