Токтонасыров расалык жана улуттук кастыкты козутууга багытталган материалдарды жарыялаган

Активист Өндүрүш Токтонасыров өзүнүн Facebook баракчасына расалык жана улуттук кастыкты козутууга багытталган материалдарды жарыялаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, июнь айында бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча катталган.

«Сурак жүргүзүлүп, андан соң Токтонасыров үйүнө чыгарылды. Учурда тергөө иштери уланууда», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүн Өндүрүш Токтонасыров кайрадан ИИМдин тергөө кызматына суракка келген.

Эске салсак, бир күн мурун саат 22.30дар чамасында белгисиз адамдар активист Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып, алып кетишкен. Туугандары жана укук коргоочулар анын кайда экенин бир сааттан ашык биле алышкан эмес. Кийинчерээк милиция кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында аны суракка алып кетишкени белгилүү болгон.