
Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Асман” эко-шаарынын курулушуна капсула салынат.
ИИМден билдиришкендей, ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан 1000ден ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда.
“Асман” эко-шаардын курулушунун максаты заманбап экологиялык таза шаар куруу, туризмди өнүктүрүү болуп саналат.
