“Чай ичкиле”: Акылбек Жапаров депутаттарды сый тамакка чакырды

Бүгүн, 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарды «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына сый тамакка чакырды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жыйындын Жогорку Кеңештин жыл ичинде жасаган иштерине токтолду. Ал сөзүнүн аягында «саат 17:30да резиденциядан жолугушабыз» деген кулактандыруу айтты.

Эске салсак, 2022-жылы Акылбек Жапаров «Дасмия» ресторанында депутаттарды сыйлаган.