НКО деген эмне? Түшүндүрмө

Социалдык тармактарда жана саясатчылардын билдирүүлөрүндө “НПОшник”, “батышчыл”, “бузуку” деген билдирүүлөр көп тарайт. Чын эле өлкө үчүн НПОлор ушунчалык коркунучтуубу? 

MyCollages 4 1 НКО деген эмне? Түшүндүрмө

Bulak.kg редакциясы НПО же НКО жөнүндө так түшүндүрмө жасады.

НКО – бул коммерциялык эмес уюм

НПО – неправительственная орзанизация деп чечмеленет, азыркы тапта НКО – деп аталат, некоммерческая организация.  Башкача айтканда мамлекеттик эмес  уюмдардын баары НКО же бейөкмөт уюм деп аталат. Мисалы муфтият – мамлекетке карабаган уюм, ар кандай кайрымдуулук фонддор, коомдук фонддор, дагы бейөкмөт уюм болуп эсептелет. Анткени мамлекеттен каржыланбаган бардык уюм же мекемелер коммерциялык эмес, башкача айтканда бейөкмөт уюм болуп эсептелет.

“Коммерциялык эмес уюм” деп аталганы менен иш жүзүндө ыйгарым укуктук мамлекеттик органдар менен биргеликте тыгыз иш алып барат. Мисалы, өкмөт болобу кайсы бир мамлекеттик мекеме болобу бир ишти пландалып, бирок ишке ашпай келе жаткан иштерди же долбоорлорду коммерциялык эмес уюмдар чет элден гранттарды же инвестиция тартып, ошол жумушту ишке ашырууга жардам берет.

Кыргызстанда ар кандай багытта иштеген коммерциялык уюмдар бар: адам укуктарын коргогон, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча, адам сатууга каршы, балдардын укугун коргоо, жаратылышты коргоо, социалдык багыттагы жана башка.

2023 06 29 15 20 46 НКО деген эмне? Түшүндүрмө

Мисалы, бул Назгүл Турдубекова. Ал көп жылдан бери жаш балдардын укугун коргоп келет. Турдубекова бул багытта 2008-жылы атайын «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» деген коомдук фондун негиздеген. Уюмдун максаты- баланын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, өнүктүрүүгө жана балдарга карата зордук-зомбулуктарды алдын алууга багытталган. Аталган уюм түптөлгөндөн баштап, көптөгөн балдардын укуктары корголуп келет.

2023 06 29 15 22 54 НКО деген эмне? Түшүндүрмө

Ушундай эле коммерциялык эмес уюмдардын катарына “Сезим кризистик” борбору дагы кирет. Бул уюм Кыргызстанда 1998-жылдан бери иштеп келет. Аталган борбордун максаты-гендердик теңчилик, жынысына карата дискриминациялоого каршы, ошондой эле аялдарды/кыздарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн гендердик басмырлоо, үй-бүлөлүк зомбулуктар менен адам сатуудан коргоо болуп саналат. 

2023 06 29 15 24 19 НКО деген эмне? Түшүндүрмө

Бул уюм ачылгандан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга көп жардам берип келет.

Мындан сырткары, майыптыгы бар жарандар менен иштеген дагы атайын уюмдар көп. Мисалга алсак “Теңдик” Коомдук бирикмеси 10 жылдан ашык убакттан бери иштейт. Уюмдун максаты- коомдо майыптык көз карандысыз жашоо жана коомдук мамилени гипноздун идеяларды жашоо коомго, алардын укуктарын коргоо жана ишке ашырууну жакшыртууга багытталган.

2023 06 29 15 25 56 НКО деген эмне? Түшүндүрмө

Мына ушу сыяктуу чет өлкөдөн каржыланган же грант алган уюмдардын бардыгы бейөкмөт уюмдардын катарына кирет.

Коммерциялык эмес уюмдар көбүнчө калктын киреше деңгээли төмөн болгон айыл жергесинде, Ош, Жалал‑Абад, Нарын жана Ысык‑Көл, Талас, Баткен облустарында көп иш алып барат. 

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын саны

Жалпысынан Кыргызстанда 32 миңден ашык өкмөттүк эмес, бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.

Алардын 6000ден ашууну коомдук фонддор, 8000ден ашууну коомдук бирикме

Алардын көпчүлүгү Бишкек менен Ош шаарында, калганы өлкө аймактарында ишмердүүлүк жүргүзөт.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын сап башында БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), АКШнын өнүктүрүү агенттиги (USAID),  “Сорос-Кыргызстан” фонду, Глобалдык фонд жана башка донорлор бар. Булардан тышкары чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү өзүнчө жардам бөлүп келет.

Бейөкмөт уюмдар өз ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүп, салык төлөп келишет. Бирок ошого карбай көпчүлүк учурда саясатчылар тарабынан сынга кабылып, чыккынчы катары сыпатталып келет. Керек болсо аларды чет элдик агент деп атап, тиешелүү мыйзам дагы демилгелешти.

НКО- “Чет өлкөлүк агент” мыйзамы

Кыргызстанда өкмөттүк эмес, коммерциялык уюмдардын ишин ашкере көзөмөлгө алуу аракети алгач 2014-жылы башталып, бирок ишке ашпай калган. Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова башка өлкөлөр каржылаган уюмдарды “Чет элдик агент катары таануу жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдаган, бирок мыйзам кабыл алынбай калган. 2016-жылы бул мыйзам долбоорун VI чакырылыштын депутаттары  документи кабыл албай коюшкан.

2022-жылы депутат Надира Нарматова бул мыйзамды кайрадан демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.

1685003749.529109206 НКО деген эмне? Түшүндүрмө

Нарматова демилгелеген мыйзамга ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Башкача айтканда, бейөкмөт уюмдардын мүмкүнчүлүктөрү чектелип, ишмердүүлүгүн токтотушу толук ыктымал.

Нарматова менен бирге алгач мыйзамды 32 депутат демилгелеп, бирок кийин бир канча эл өкүлү мыйзамдын демилгечиси болуудан баш тарткан. 

Буга чейин эл аралык жана жергиликтүү уюмдар мыйзам адам укуктарына каршы келерин жана аны кабыл алуу кооптуу экенин билдиришкен. 

Мисалы, эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму мыйзамдагы беренелер жарандык коом үчүн өтө коркунучтуу экенин жана Кыргызстандын адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келерин айтып чыккан.  

Ал эми Бириккен Улуутар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве аталган мыйзам  7 миллион адамдын татыктуу жашоого болгон үмүтүн өчүрөрүн айтып чыккан.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлү  Анн-Лиз Шатлен чет элдик агент мыйзамын ашыкча көзөмөл кылуу аракети жана ашкере санкция деп баалаган

Бул мыйзамды талкуулоо учурунда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Раймонд Вингрис ар бир өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эркин журналисттер керек экенин, ал эми парламент жана өкмөт элге отчет берип туруусу керектигин айтып чыккан. 

Улуу Британиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Харриган дал ошол бейөкмөт уюмдар пандемия учурунда жана Баткен окуясы болгон кезде элге гуманитардык жрдам берген негизги өнөктөш болгонун бийликке эскерткен. 

Мындан тышкары, эл аралык Human Rights Watch уюму Жогорку Кеңешти репресивдүү мыйзамдан баш тартууну жана бейөкмөт уюмдардын ишин ашкере көзөмөлгө алууну токтотууга үндөгөн. 

Ал эми Кыргызстандык JIA бизнес-ассоциациясы өлкөдөгү эркин медиалардын жана бейөкмөт уюмдардын баалуугун жана маанилүүлүгү тууралуу айтып чыккан. 

Адилет укуктук клиникасынын юристтери  “чет элдик агент” тууралуу мыйзам Конституцияга жана эл аралык документтерге каршы келерин айтып чыгышкан. 

Бул мыйзамдын дискриминациялык белгилерин “Бир Дүйнө Кыргызстан” уюму дагы айтып чыккан. 

2023 жылдын март айында Грузияда дагы чет элдик агент тууралуу мыйзам демилгеленгенде, жарандык коом митингге чыгып, мыйзамдын кабыл алынышына жол берген эмес. 

Азыркы тапта Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарап, Нарматованын демилгеси күзгө чейин жылдырылды.