УКМК: “Токмок суу канал” ММде мүлктү уурдоо фактылары аныкталды

УКМК: “Токмок суу канал” ММде коррупциялык схемага бөгөт коюлду
КР УКМК тарабынан муниципалдык ишканалардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарында “Токмок суу канал” ММдин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, “Токмок суу канал” ММдин директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган.
Ошол эле учурда, 2023-жылдын 26-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу канал” ММдин директору О.С.К.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган.
Учурда аталган мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

890b4f8d 2af3 4440 8c99 1b1d3122a947 УКМК: “Токмок суу канал” ММде мүлктү уурдоо фактылары аныкталды
18204fb3 d8bc 44f9 a806 17c93fa1210e УКМК: “Токмок суу канал” ММде мүлктү уурдоо фактылары аныкталды