ВИДЕО: УКМК бажы кызматкерин пара менен кармады

УКМК тарабынан Бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” түндүк-чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалды. Ал опузалап пара алууга шектелүүдө.

«Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.