ВИДЕО: Бишкекте өрт катталды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Панфилов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 22:43тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 22:54тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам тилсиз жоо саат 23:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрт аянты 300 чарчы метрди түзөт.