Марлен Маматалиев: Кыргызстанда электр самокаттарын колдонууну жөнгө салган мыйзам долбоору кабыл алынат

Кыргызстанда электр самокаттарын колдонууну жөнгө салган мыйзам долбоору кабыл алынат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде өзгөртүүлөрдүн демилгечиси, депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Бул багытта жол кайгуул кызматы менен биргеликте иштеп жатабыз. Бизде тыюу салуу ниетибиз жок. Транспорттун бул түрү мурда анча популярдуу болгон эмес жана мыйзамдарда, кодекстерде да болгон эмес. Электр самокаттарды кайда тепсе болот, кырсык болгон учурда алардын жоопкерчилиги кандай экенин, түнкүсүн чагылышкан элементтеринин милдеттүү түрдө болушун жана башкаларды так жөнгө салышыбыз керек. Жол кыймылы жөнүндөгү мыйзамга жана эреже бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатат», – деди ал.