
Бишкек шаарынын тургуну шампунга ууланды. Бул тууралуу Тез жардам кызматынын кызматкери билдирди.
Маалыматка караганда, 18-июнда “103” кызматына чакыруу түшкөн.
Жерине келген кызматкерлер 69 жаштагы аял йогурт деп ойлоп, шампундун 1/4 бөлүгүн ичкенин аныкташкан.
“Аялдын ашказанын көпкө жуудук, себеби көбүк көп чыкты”, — дешти кызматкерлер.
Керектүү дарылар берилген соң, аял Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылган.
