Президент «Караван» аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты

 Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан «Караван» аэропортун модернизациялоо долбоорунун аткарылышы менен таанышты.

Мамлекет башчысына “Караван” аэродромунун элементтеринин жасалма бетинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы, 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу-конуу тилкеси кеңейтиле тургандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар. Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул каттам боюнча акыркы рейс 2007-жылы жасалган.

Учурда «Караван» аэропортун модернизациялоо боюнча оңдоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда. Алар аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Мамлекет башчысы башталган программанын алкагында аймактардагы аэропортторду модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында ички аба каттамдарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканына басым жасады.

bf5b4ba7 d6d7 4413 ac26  Президент «Караван» аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты