Моргенштерн Бишкекте боло турчу фестивалда ырдабайт

Россиялык ырчы Моргенштерн Бишкекте боло турчу фестивалда ырдабайт. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары Ka4eli Fest билдирди.

Маалым болгондой, ырчы Alga Fest 2023 фестивалынын алкагында эл алдына чыгып ырдамак.

Кечээ, 16-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Маданият министрлигине кайрылып, ведомство ким ырдайт, ким ырдабайт деген маселени такташабы деген суроо салды. Депутаттын айтымында, Моргенштернге окшогон ырчылар биздин маданиятыбызга туура келбейт. Маданият министрлиги концертти токтотуу иштери жүрүп жатканын билдирген.

Моргенштерн – россиялык рэп жана поп ырчысы, музыкант, шоумен. Ал 2017-жылы YouTube каналына чыккан тамаша видеосу менен элге таанылган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда,  “Качелифест” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башчысы Ажымухамед  Улугбек уулу. Компания 2019-жылы каттоодон өткөн.