Президенттин кортежинин катышуусундагы кырсыкка айыпталган пенсионерге карата сот өкүмү чыкты

Адам өмүрүн алган президенттин кортежинин катышуусундагы кырсыкка айыпталган пенсионерге карата сот өкүмү чыкты.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту аталган жаранды үч жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда сот Конокбай Чынжырбаевдин баш коргоо чарасын өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин өзгөртүүнү чечти.

Эске салсак, 2021-жылдын 3-июнунда Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда жүргөн маалда президенттик кортеждин коштоочу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Беш адам жабыркап, бирөө каза болгон. Маркум мамлекет башчынын жеке дарыгери болгон. 

kortezh Президенттин кортежинин катышуусундагы кырсыкка айыпталган пенсионерге карата сот өкүмү чыкты