Медиа сектор жана жарандык коом Кыргыз Республикасынын президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду.
Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз келтиребиз:
Акыркы жылдарда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана демократиянын абалы олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Биз сөз эркиндиги, көз карандысыз маалымат каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык коомчулук үчүн шарттар кескин начарлап баратканын көрүп жатабыз.
Бир катар журналисттер жана укук коргоочулар мыйзамсыз кылмыш куугунтугуна кабылып, өлкөдөн сүрүлүп чыгарылып, миллиондогон суммадагы доо арыздарга дуушар болуп жатышат. Атайын түзүлгөн фейк-фабрикалар көз карандысыз маалымат каражаттарын жана бейөкмөт уюмдарын учурдагы социалдык тармактар аркылуу ачык коркутуп, мазактап, кемсинтип жана куугунтуктап келишүүдө. Көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана жарандык активисттердин ишмердүүлүгүнө каршы түрдүү акциялар уюштурулуп, анда ачык коркутуулар, кастык тилиндеги сөздөр байма-бай айтылып келе жатат. Ошол эле учурда чагымчылдыкты жана кастыкты козутуучу сөздөрдү колдонуп, атайын куугунтуктоолорду уюштурган адамдар эч кандай мыйзамдуу жоопкерчиликке тартылган эмес.
Кыргызстанда жарандык коомдун жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөөгө, цензураны киргизүүгө, өлкөдөгү демократиялык мейкиндикти тарытууга багытталган жазалоочу мыйзам чыгаруу демилгелери кабыл алынууда.
Президенттик администрация КР Конституциясына каршы келген, көз карандысыз маалымат каражаттарына цензураны жана толук мамлекеттик көзөмөлдү киргизген “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча президенттик администрациянын жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн жумушчу топту түзгөнүнө карабай, жумушчу топтун жетекчиси Мурат Укушов анын иштөөсүн саботажга учуратты. Ал эч кандай иш процессин уюштурган эмес (6 айдын ичинде жумушчу топ эки гана жолу чогулган), көз карандысыз ЖМК берген сунуштарды кабыл алган эмес жана мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоо өткөрүлгөн эмес.
Депутат Надира Нарматова жана Жогорку Кеңештин дагы 32 депутаты “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана КР Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Бул түзөтүүлөргө ылайык, өлкөдө “чет элдик өкүл” түшүнүгү кирип, ошондой эле катардагы жарандык активдүүлүк үчүн колдонулушу мүмкүн болгон катуу кылмыш жоопкерчилиги киргизилет.
Булардын баары басма сөз эркиндигинин деңгээли боюнча өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу катастрофалык деңгээлге — бир жылда 50 позицияга төмөндөп, 180 орундун ичинен 122-орунга түшүүсүнө алып келди.
Жогорудагы мыйзам долбоорлору кыргыз коомчулугунда да, эл аралык аренада да чоң резонанс жаратты, анткени алардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргызстан кошулган эл аралык келишимдерге жана конвенцияларга каршы келет. Бул мыйзамдын кабыл алынышынын опурталдыктары жөнүндө юристтер, эл аралык эксперттер, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан даярдалган түрдүү укуктук талдоолордо, анын ичинде Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы) жана ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунун (ДИАУБ/ЕККУ) алдын ала корутундусунда бир нече жолу белгиленген. Алар боюнча, бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу көз карандысыз ЖМКларды, жарандык коомду, сөз эркиндигин иш жүзүндө такыр жок кылууга, коммерциялык эмес уюмдардын олуттуу бөлүгүнүн жабылуусуна, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттин тоталдык көзөмөл жүргүзүүсүнө жана Кыргызстандын демократиялык мамлекеттен авторитардык мамлекетке айланышына алып келет.
Эл аралык коомчулук жана уюмдар да жогорудагы мыйзам долбоорлорун четке кагууга чакырык жасашты. Ошентип, бир эле учурда 8 уюм (Адам укуктары үчүн Эл аралык өнөктөштүк (IPHR); Норвегиялык Хельсинки комитети; Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду; Front Line Defenders; Freedom Now; Human Rights Watch; укук коргоочуларды коргоо боюнча Обсерваториянын алкагында Адам укуктары боюнча Эл аралык федерация (FIDH); укук коргоочуларды коргоо боюнча Обсерваториянын алкагында Кыйноолорго каршы бүткүл дүйнөлүк уюм (OMCT) «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбооруна киргизилген түзөтүүлөрдү кооптуу жана ойлонулган эмес, ал “Кыргызстандын активдүү жарандык коомуна түздөн-түз жана олуттуу коркунуч келтирет” деп тааныды.
Акыбал ушундай болгондуктан, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарында болгон Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары аны колдоодон баш тартышты.
Жогоруда айтылгандарды, ошондой эле аталган мыйзам долбоорлорунун коомчулукта кеңири резонанс жараткандыгын эске алуу менен, “Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам чыгаруу демилгелеринин коркунучтары” тегерек столунун катышуучулары буларды жасоого:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору Кыргызстандын Конституциясында жана адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн адам укуктарынын стандарттарына олуттуу карама-каршы келгендиктен, аны демилгелөөдөн жана республиканын Жогорку Кеңешинин кароосуна андан ары киргизүүдөн баш тартып, мыйзам долбоорун чакыртып алууга.
2. Депутат Надира Нарматованы жана башка демилгечи депутаттарды — «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун Конституцияга, Кыргыз Республикасы мүчө болгон адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге ылайык келбегендиктен, ошондой эле максатка ылайыктуулугунун жана аны кабыл алуунун зарылдыгынын жоктугунан улам чакыртып алууга.
3. Жогорку Кеңештин депутаттарын — “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна, ошондой эле “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбоорун кабыл алууга каршы добуш берүүгө (эгер ал парламентке берилсе).
4. Кыргызстандын бийлиги жана мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жалпыга маалымдоо каражаттарына, укук коргоо жана башка коммерциялык эмес уюмдарга тиешелүү ар кандай мыйзам чыгаруу демилгелеринин эл аралык стандарттарга толук шайкеш келишин жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен эл аралык эксперттердин тыгыз кызматташтыкта иштешүүсүн камсыз кылууга.
5. Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү бул репрессиялык мыйзам чыгаруу демилгелерине каршы чыгып, аларды кабыл алуу Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келерин жана өз ара кызматташуу жана жардам көрсөтүү программаларына терс таасирин тийгизээрин түшүндүрүүгө чакырышат.