
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир катар имараттар стратегиялык объектилердин тизмесине кирди.
Алар:
– “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Баткен облусунун Раззаков шаарындагы филиалы;
– “Учкун” ачык акционердик коому;
– “Госзнак” жоопкерчилиги чектелген коому;
– Башкы прокуратуранын эң маанилүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдары (дата-центр) жайгашкан айрым имараттар.