Сильвио Берлускони 86 жашында каза болду

Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони 86 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, ал оорудан улам 12-июнда көз жумган. Ага өнөкөт лейкоз деген диагноз коюлган.

Сильвио Берлускони 1994-жылдан 2011-жылга чейин төрт жолу Министрлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.