Казакстанда өрттөн 14 адам каза болду

Казакстандын чыгышындагы Абай аймагындагы өрттүн кесепетинен 14 адам каза болду. Буга чейин токой чарбасынын үч кызматкери каза болгону кабарланган, андан соң издөө иштеринин жүрүшүндө дагы 11 адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Каза болгондордун өздүгү такталып жатат», – деп айтылат маалыматта. Азыр өрттү өчүрүүгө 1 миңден ашык адам жана 252 техника тартылды.

Абай районунда өрттү өчүрүү 9 жерде уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматы комитетинин төрагасы Нурболат Дербисов абал акырындап турукташып жатканын ырастады.

Тилсиз жоо 8-июнда башталып, анын аянты 60 миң гектарды түзгөн. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысын алмаштырган.