14-июнда борбор калаанын айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 14-июнда саат 09.00дөн 20.00гө чейин төмөнкү турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы – “Тунгуч” кичирайону, “Рухий Мурас”, “44 Га” конуштарын камтыйт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.