
Ошто жаш жигит Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзгөн районунун Айгыржал айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-жылы туулган жигит чөгүп кеткен.
Издөө иштерине 10 куткаруучу тартылып, алар чөгүп кеткен жигиттин сөөгүн суудан алып чыккан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.