БШК Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды

 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынган.

Маалыматка караганда, Ниязалиева шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет жасады деген бир нече билдирүү БШКга келип түшкөн.

Бүгүнкү жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Аны менен катар милиция Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга өтүнүч жөнөткөнүн айтты.