
Швециянын футбол курамасынын мурдагы капитаны, чабуулчу Златан Ибрагимович карьерасын жыйынтыктады.
24 жылдан ашык футболдо жүргөн 41 жаштагы спортчу ойногон акыркы клуб италиялык «Милан» болуп калды.
Ал кесипкөй футболго 1999-жылы келген. Андан бери ал 34 ар түрдүү байге утуп, «Аякс», «Ювентус», «Интер», «Барселона», «Пари Сен-Жермен» жана «Манчестер Юнайтед», «Милан» сыяктуу клубдарда ойноду.
